Ата Мекен
ongeveer 3 jaar geleden

Бишкекте “Ата Мекен” социалисттик партиясынын съезди өтүп жатат

“Ата Мекен” социалисттик партиясы кезектеги XIII съездин өткөрүп жатат. Иш чара Бишкектеги “Мамлекетти негиздөөчүлөрдүн аллеясында” өтүүдө. Съезддин ишине парламенттин депутаттары, партиянын жана саясий кеңештин активдүү мүчөлөрү, бүткүл аймактардан келген делегаттар, жаштар канатынын активисттери катышып жатат.
Партия лидери Өмүрбек Текебаев иш чараны уюштуруу үчүн ушул жайдын тандалып алынышы символикалуу эке...нин, партия съездин “Мамлекеттик негиздөөчүлөрдүн аллеясында” өткөрүү идеясы ушул жылдын июль айында каза болгон маркум Болот Шерге таандык экенин белгиледи.

Өмүрбек Текебаев өзүнүн тарыхый сөзүндө “Ата Мекен” партиясынын уникалдуулугун белгилеп өттү.
“Саясий айдыңды караңыздар. “Алга Кыргызстан”, “Ак Жол” жана башка партиялар азыр кайда? Бийлик алмашары менен, ал партиялык акционердик коомдор да жок болууда. А “Ата Мекен” дээрлик 30 жылдан бери жашап келе жатат, биз үчүн бул жетинчи парламенттик шайлоо кампаниясы. “Ата Мекен” партиясынын сыры эмнеде? Анткени, биз башкалардай болуп, бийликке, байлыкка жана мансапка гана жетүүнүн жолун самабайбыз. “Атамекенчи” болуу – бул мүнөз, бул – жашоо образы, дүйнөгө болгон көз караш, тагдыр”, - деп белгиледи партия лидери.
Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкүл Чотонов, Асия Сасыкбаева Жогорку Кеңешке ат салышпайт.

“Биз жаңы лидерлерди алга сүрөйбүз. Алардын убактысы келди. Алар жаңы доордун желегин көтөрүшөт”, - деп түшүндүрдү өз чечимин Өмүрбек Текебаев.
“Ата Мекендин” партиялык тизмесинин лидери Жанар Акаев өз сөзүндө Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүн эскерип, өтмүш менен азыркыны салыштырып өттү. Жанар Акаев Өмүрбек Текебаевдин жана партияны негиздеген башка адамдардын “парламенттик шайлоого катышпайбыз” деп кабыл алган чечими боюнча комментарий берди.

“Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов жана башка атамекенчилердин шайлоого катышуудан баш тартканы –жоопкерчиликтүү кадам жана саясий эрдик.Өмүрбек Текебаевдин бүгүнкү кадамы бийик саясий маданияттын үлгүсү болду. Ошентсе да, Текебаевдей саясатчылар парламентке келиши керек деп эсептейм. Өмүрбек Чиркешовичтин мындай чечимине бир жагынан ичим ачышса, экинчи жагынан бул кишинин эрки көпчүлүгүбүздү суктандырды.Бул чоң максаттар үчүн жеке амбицияларды курмандыкка чалуунун үлгүсү. Кыргызстанда өз мандатынан баш тартып, жаштарга орун бошоткон дагы бир белгилүү саясатчы барбы? Жок. Болсо да чанда”, - деди Жанар Акаев.

Тизме лидери партиянын шайлоо алдындагы “Жаңы дем” программасындагы айрым багыттарга токтолду.

“Биздин программабыз так жана реалдуу. Аны аткаруу үчүн саясий эрк жана элдин колдоосу гана жетиштүү. Бизде экөө тең бар. Анткени биздин дарыгерлердин айлыгын депутаттардын айлыгына жеткирүү талабыбызды колдобой коюу мүмкүн эмес. Фармацевтикалык мафиянын тамырын кыркып, бүт өлкө боюнча мамлекеттик дарыканалардын тармагын ачууну сунуштап жатабыз. Биздин саясий элита, чоңдор дарыланган атайын ооруканалардын ордуна балдар ооруканаларын уюштурууну талап кылабыз. Аткаминерлер менен депутаттар ар кандай артыкчылыктарга ээ болбошу керек. Карапайым элдей эле жашаган жери боюнча кадимки поликлиникаларга катташсын, жарандар дарыланган ооруканаларга жатышсын.Мамлекетте үнөмдөөнүн катаал режими киргизилишин талап кылабыз. Аскетизм - мамлекеттик саясаттын бир бөлүгү болушу керек. Казынадагы акчага кымбат баалуу жолтанадабастар алынбашы керек, ашкере жасалгаланган иш бөлмөлөр болбойт, жардамчы, катчылардын армиясы жоюлат”, - деди Акаев.
Өмүрбек Текебаевден сырткары съездде Эльдар Абакиров, Наталья Никитенко жана башкалар сөз сүйлөштү.

Meer weergeven
Geen fotobeschrijving beschikbaar.
Geen fotobeschrijving beschikbaar.
Geen fotobeschrijving beschikbaar.
Geen fotobeschrijving beschikbaar.
+15
428
97
82