app-facebook
Дайырбек Орунбеков
about 6 months ago

Урматтуу кыргызстандыктар! Социалдык байланыш тармактары аркылуу “Бийлик Кытайга болгон карыздын ордуна Жетим-Тоону соодалап, тагдырын чечип коюптур” - деген чындыкка дал келбеген, элди козутууга максатталган чагымчыл чакырыктар жарыяланып жатат.

Жетим-Тоону 100% өзүбүз иштетебиз. Бир пайызы дагы бирөөгө берилбейт. Кенди иштете турган каржы дагы аныкталган, мамлекет темир завод куруп, жумушчулардын курамы дагы жергиликтүү элден алынат. Бир дагы чет өлкөлүк компания кирбейт. Жетим-Тоо кени, Кумтөрдөн дагы көп киреше алып келе турган долбоор. Учурда изилдөө иштери жүрүп жатат, бүтсө казуу иштери башталат.

Андыктан, жалган маалыматтар менен элди козутуп, атайы чагымчыл жасоо аракеттерине мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертебиз.