app-facebook
Кыргызстан Ислам Университети
ongeveer 3 jaar geleden

‎‏Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын аты менен! ‎

إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّا إِلَيْهِ رَاجِعُونَ ‎
(Чындыгында биз Аллага таандыкпыз жана Ага кайтабыз)

...

Кыргыз элине эле эмес дүйнөгө таанымал аалым, Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгынын ишине жана өлкөбүздөгү диндин өнүгүүсүнө чоӊ салымын кошкон аалым Чубак устаздын дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу өзүмдүн жана Кыргызстан Ислам университетинин жамаатынын атынан анын үй-бүлөсүнө, жакындарына, шакирттерине жана бир туугандарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтам.
‎‏Алла Таала устаздын билип-билбей кетирген күнөөлөрүн кечирип, акыретин абад кылсын. Өмүр бою жасаган жакшы иштеринин сооп-сыйын арттырып, эсеп-кысабын жеӊил кылсын. Кабырын нурдуу, түбөлүктүү жайын бейиш кылсын.
‎‏Артында калгандарга сабыр берип, урук-урпагынан устаздын жолун жолдогон илим-билимдүү, элге-журтка пайдасы тийген инсандарды чыгарсын. ‎

اللَّهُمَّ اغْفِرْ لَهُ وَارْحَمْهُ وَعَافِهِ وَاعْفُ عَنْهُ وَأَكْرِمْ نُزُلَهُ وَوَسِّعْ مُدْخَلَهُ وَاغْسِلْهُ بِالْمَاءِ وَالثَّلْجِ وَالْبَرَدِ وَنَقِّهِ مِنَ الْخَطَايَا كَمَا نَقَّيْتَ الثَّوْبَ الأَبْيَضَ ‎
Абдишүкүр Нарматов

Meer weergeven
135
79
74