21.07.2022
ЧҮЙ: ШААР ЧЕТИНДЕГИ АЙЫЛДАРДЫН БИРИНДЕ 4 ДАЧА КАТАРЫ МЕНЕН ӨРТТӨНГӨН
Бүгүн, 21-июнда Чүй облусунун Аламүдүн районуна карштуу Беш-Күнгөй айылынын Труд көчөсүндө жайгашкан #116, 117, 118, 129 дачалардан өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн.
…Тилсиз жоо менен күрөшүүгө саат 14:27де Октябрь райондук №5 өрткө каршы бөлүктөн 1 бөлүм, буга кошумча саат 15:41де 1 бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылган.
Ал эми такталган маалыматка ылайык, бул айылдагы 4 турак үй толугу менен өрттөнүп, 100 чарчы метр аянттагы кургак чөп күйгөн.
Тилсиз жоонун чыгуу себеби, күбөлөрдүн айтымында, коңшулардын бири эски кийимдерди өрттөп, мындан чыккан жалындын учкундары кургап турган кургак чөпкө андан үйлөргө өткөн.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР