app-facebook
Баткен облустук ички иштер башкармалыгы / УВД Баткенской области
ongeveer een jaar geleden

Некролог
Мухамадиев Аскарали Жунусович (некролог)
Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары милициянын подполковниги Аскарали Мухамадиев 47 жашында дүйнө салды.
Аскарали Мухамадиев 1974-жылы 20-апрель күнү Ош облусунун Баткен районунун Достук айылында төрөлгөн. Ал Кыргыз Республикасынын ИИОна 26 жашында 2000-жылы кабыл алынып, үзүрлүү эмгектенип келген. Аскарали Мухамадиев Кыргыз Республикасынын Президентинин, К...ыргыз Республикасынын ИИМнин сыйлыктары менен сыйланган.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Аскарали Жунусовичтин бир туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.
0
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы

Meer weergeven