app-facebook
Ысык-Көл Райондук Администрациясы
vor etwa 3 Jahren

2020 -жылдын 18-июль күнү созулган оорудан кийин 63 жашында Ысык-Көл райондук үй бүлөлүк медицина борборунун директору Жээнбаева Бубуайым Жээнбаевна дүйнөдөн мезгилсиз кайтты.

Жээнбаева Бубуайым Жээнбаевна 31-октябрь 1957-жылы Нарын облусундагы Жумгал районуна караштуу Түгөл Сай айылында төрөлгөн. 1974-жылы Таш Дөбө айылындагы орто мектепти аяктап, 1975 жылы Кыргыз Мамлекеттик медициналык институтунун "балдар дарыгери" факультетине тапшырып 1981 жылы ийгиликтүү аяктап..., интернатурага тапшырат.
Эмгек жолун 1983- жылы Ысык-Көл райондук борбордук ооруканасынын балдар бөлүмүндө дарыгер болуп баштаган. 1984 -1986 жж. райондук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн бөлүм башчысы болуп эмгектенет. 1986-2001 жылга чейин "эне жана балдарды коргоо" боюнча башкы дарыгердин орун басары болуп эмгектенген. 2001-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Ысык-Көл райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору, райондук Саламаттык сактоо тармагынын координатору болуп ийгиликтүү иштеп келген. Саламаттык сактоо тармагынын өнүгүшүнө, жүргүзүлгөн реформаларына кошкон зор салымы, аткарган эбегейсиз эмгектери жана алгылыктуу иштери үчүн бир катар сыйлыктар менен сыйланган. "Саламаттык сактоонун мыкты кызматкери"төш белгиси менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин, Ысык-Көл облустук жана райондук мамлекеттик администрациясынын, Чолпон Ата шаардык башкармалыгынын , Кыргызстан Аялдар Конгрессинин Ардак Грамотасы жана баалуу белектери, ыраазычылык каттары менен сыйланган. 2011-жылы "Аялзат" коомунун Ардак Грамотасы жана Ысык-Көл облусу боюнча "Үлгүлүү үй-бүлөө" номинациясынын ээси жана ошол эле жылы Ысык-Көл облусу боюнча "Мыкты үй-бүлөлүк медицина борбору" номинациясынын жеңүүчүсү болгон. Ысык-Көл районунун 80 жылдык, Ысык-Көл облусунун 70 жылдык юбилейлик медалдары, "Эл сүйгөн жетекчи" төш белгиси жана башка көптөгөн сыйлыктар менен сыйланган.
2 баланын,6 неберенин сүйүктүү энеси.
Районго кылган зор эмгеги, эмгекчилдиги, ишке берилгендиги жана ак ниети менен кылган кызматы үчүн райондун, облустун жана эмгек жамаатынын ичинде кадыр баркка ээ болуп, жаш муундарга өрнөк болуп келген.
Жаткан жериңиз жайлуу болсун, топурагыңыз торкоо болсун. Сиздин элесиңиз эч качан унутулбайт. Кош болуңуз.

Терең кайгыруу менен,
Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын жамааты.

Mehr anzeigen